"Семичкенин кабыгын жерге чачканы үчүн интернет колдонуучуларынын сынына кабылып, катуу стресстен улам дары ичип өзүнө кол салууга аракет кылды" делген Акшоола аттуу кыз Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнө жеткирилген жок. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда SUPER.KG порталына аталган борбордун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.
"Бүгүн түштөн бери Акшоола боюнча телефон чалуулар келип жатат. Андай кыз биздин ооруканага түшкөн эмес",- деди Кубатбеков.
Айта кетсек, кечээ, 26-январда аталган кыз Октябрь РИИБине суракка чакырылган эле. Бул ишти карай турган аймактык тескөөчүгө кыздын эжеси телефон чалып, сиңдиси "дары ичем" деп коркутуп жатканын айткан. Тескөөчү кыздын үйүнө барып, ага карата "таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштоо, күйгүзүү" беренеси боюнча 2 миң сом айып пул салынарын айтып, тийиштүү документтерди толтуруп кайткан.
Бул окуя боюнча шаардык мэрия материалдар Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жөнөтүлгөнүн, комиссия кыздын катышуусу жок эч кандай чечим чыгара албай тургандыгын кабарлаган.