Жогорку Сот айыпталуучу Канжар Кадыралиевди үй камагында калтырууну чечти

Жогорку Сот бүгүн, 27-январда айыпталуучу Канжар Кадыралиевди үй камагында кармоо боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Маалыматты SUPER.KG порталына айыпталуучунун жактоочусу Икрамидин Айткулов тастыктады. Буга чейин райондук соттун чечимин Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган.

Эске салсак, Башкы прокуратура 2014-жылдын 30-сентябрында, 14-ноябрында жана 5-декабрында Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеген кызматынан бошоткон.

Андан соң Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган. 2015-жылдын 26-мартында Кадыралиев Башкы прокуратурага өз эрки менен келген, андан кийин ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылганы жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Arslan12
2016-01-27 22:58:31
1,5жылдан бери эч нерсе чече албаган сотторду оздорун соттогула, кылмыш ишин аягына чыга албаган,куноосу жок болсо коюп жибергиле да кайра эле жылдыра бербей, 3статьяны менен дагы
+5
nursultan.91
2016-01-27 23:36:31
Канчалаган адамдарды тоноп, какшаткан адамды кантип уй камагына калтырууну чечти, Бул кандай сот озу? Оздоруда ойлонбойбу. Просто бул жакта туруп кыжырын кайнайт екен.
+5
Xanif.Kg
2016-01-28 03:10:15
Бул бийликте уят, бет деген калбаптыр. Канжарга минимум 10 жыл "строгый режим" бериш керек болчу...
+4
asad345
2016-01-28 09:30:43
Соттор не кыла алмак эле, Атамбаев айттыго оз козомолумо алам лично бул ишти контролдойм деп, бул деген созу "Канжар Кдаыралиев укам сен эч переживать этпе баарибир соттон аппак болуп акталасан" дегени эмеспи анткени АША ошонтип айткандае бери Канжар мыйзамды тебелеп эле келе жатат Тооба Аллахым ушундайлардан сакта
+3
MAKALAK
2016-01-28 12:01:15
мен тоок урдасам кеми 3жыл берсе керек эле бизде мыйзам жок.Укугуну бандиттер тебелеген олко
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан