"Салык төлөөдөн качты" деп камалган "Жунда" заводунун башчысынын орун басары үй камагына чыгарылды

Бишкек шаардык соту 27-январда Кара-Балта шаарындагы "Жунда" мунайды кайра иштетүүчү заводунун башчысынын орун басарын үй камагына чыгарды. Маалыматка таянсак, айыпталуучу Ю Шан Ли учурда эркиндикте.

Эскерте кетсек, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы "салык үчүн 54 миллион сомду төлөбөй, документтерди жашырган" деп айыптап, аталган жооптуу кызматкерге иш козгогон. Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 2 айга СИЗОдо кармоо чечимин чыгарып, заводдун иши убактылуу токтотулган эле. Маселе жакында парламентте талкууланып, депутаттар завод жетекчисинин орун басарын камакка алууну аша чапкандык катары баалашкан эле. "Аны үй камагына чыгарып коюп деле тергөөнү жүргүзө берсе болот. Минте берсек инвестордун баарын чочутабыз",- дешкен көпчүлүк депутаттар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
mirbech_85
2016-01-28 00:01:02
биздин чондорго акча берип койсон любой киши олтургон адамды да актап чыгарып койот
+1
muktar_sh
2016-01-28 00:29:43
ушундай ишти кыргыздар деле кылса болот да алма быш озма туш да
+1
Xanif.Kg
2016-01-28 03:05:02
Бизде эмне "Уй камагы" деген мода чыкканбы...???

Каякты окусан эле "Уй камагы" деп жазылып журот. Анда соттобой эле уйуно жиберип коё бергиледа, уй камагы менен эркиндиктин айырмасы деле жок. Ошондой чон кылмышкер Канжар Кадыралиевти да уй камагына чыгарып коюшуптур азаматтар...
0
timoha81
2016-01-28 08:35:07
мен бир байкени билем стройкада прарап болуп иштеп бир кагазга кол коюп койгону учун камалды.болгону ал фирма 300000 миндей налог толобой коюуптур.а бул кытай 54 милион .ушу кантип болсун биздин мыйзам карапайым элге эле иштейби.инвестор деп коет болсо эмне экен мыйзамды сыйласын
0
BekAmir
2016-01-28 13:40:09
Завод ишке кирсе бензин арзандайт. Анда күйүүчү май менен иштегендерге конкурентболот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан