Кыргызстандагы мектептерде жазгы каникул 4 күнгө кыскарды. Буга байланыштуу окуучулар 21-марттан 24-мартка чейин гана эс алышат. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган министрликтин буйругуна ылайык, 2012-жылдын 19-декабрынан тартып, кышкы каникул жазгы каникулдун эсебинен узартылган. Мындай жол менен окуучулар 24-декабрдан 12-январга чейин эс алышкан. Бишкек шаарындагы мектеп окуучулары 24-декабрда каникулга чыкпай, жаңы жылга чейин окууларын улантканына карабай, алар деле жазгы каникулда 4 күн гана эс алат.
Эске сала кетсек, былтыр кышкы каникулдун узартылышы катуу сууктан жана сасык тумоонун күч алышына байланыштуу болгон.