Жалал-Абад. Токтогулда көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жалпы дааратканасына энеси төрөп таштап кеткен наристе куткарылды

Токтогул районунун Токтогул шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жалпы дааратканасынан жаңы төрөлгөн ымыркай куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-январда саат 21:47 чамасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №97-өрт-куткаруу бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда дааратканага белгисиз бирөө жаңы төрөлгөн баласын таштап кеткени айтылган. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар баланы чыгарышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Маалымат КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 112 кызматына телефон аркылуу түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
sagyn91
2016-01-28 09:47:52
Бироого зар дуйно, бироого кор дуйно.
0
Elime
2016-01-28 09:48:53
Бироого зар, бироого кор деген ушул экен да. Жашоодо бала деп, баланын жытын искесем деген адамдар четтен саналат го.Ошого окшогонго бербей, кочого таштап артын карабай качкан адамдарга ыраа коргон эмне деген жашоо.Бир убакта ошол балага да зар болоор.Окунучтуу...
+3
Azura
2016-01-28 09:58:48
тан калтырат,бул торогон аял мээсинен жабыркаган эле болбосо, кантип таштайт,бала керек эмес болсо эмнеге торойт,тородунбу бакканга мумкунчулугун жок болсо жок дегенде балдар уюно, бироонун эшигинин алдына ташта да,туалетке таштап...айбан да кылбайт...
0
kepka
2016-01-28 09:58:52
Омур бою бала жытына зар болуп кор болуп калса экен таштаган айбан ит да баланын таштабайтко акмак
+6
akimjan93
2016-01-28 10:03:32
Kandai okunuchtuu baldarybyz ushintip ajatkanada jatat ejelerinin je bolboso chon enelerinin kolunan tokmok jep jatyshat bizdin mamleketibiz taraptan baldarga zombuluk jasagan adamdarga chaara korulso abdan jakshy bolmok ele
0
janka7
2016-01-28 10:08:02
эх.. Кандай гана ташбоор эне
0
Asyl.jazi
2016-01-28 10:50:42
Ошончолук эле баласынан кутулгусу келген болсо, балдар үйүнүн эшигенин алдына таштап кетсе болбойт беле. Акмак аял экен. Өзүмдүн кызымды карап олтуруп, Аллахка миң мертебе шүгүр кылам, бизди ушундай тагдырга туш кылбаганына.
+1
baltabaev
2016-01-28 10:53:18
Кандай гана заман болуп баратавыз,,,
0
behappy74
2016-01-28 11:17:18
Токтогул районубу же Бишкектин Токтогул кочосундобу тактап жазып коюнуздарчы сураныч
0
Inna_91
2016-01-28 11:33:45
Кээ бирлер бала га зар кэээ бироолорго бала хор
0
Ayida
2016-01-28 12:08:11
Шайтан ушинтип азгырат.Адам озу билбей калат.Ошол учун намаз окугула
0
akubeku
2016-01-28 12:31:51
токтогул кочосубу же токтогул районубу эки анжы болуп атат
бул кукуко келсек соттош керек
0
Enjoy.kg
2016-01-28 13:57:36
Аллах сактасын мындайдан.Ушул таштагандар кандай тороп алышат врачсыз тушунбойсун,биз учунчу балабызды кутуп жаткан учурубуз кантип?кайсы роддомдо? кайсы врачта торойм?-деп ойлонуп жатам,кантсе да онунан берсин.
0
omka100514
2016-01-28 14:10:13
Тогуз ай которуп тороп анан кантип таштап кетти экен, бала бойуна бутуп кыймылдап калганда эле энелик мээрим пайда болотго, ал эми тороп баланы колуна алганда баардык оорун тарап балага мээримин тушотго, а бул кантип таштап кетти экен
0
nazira1989
2016-01-29 00:26:58
Мага да Аллахым бала жытын жыттоону насип кылса экен...Бироого зар,бироого кор дуйно...(((((((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан