Сокулукта "жер тилкесин сатып берем деп 4 миң доллар алып, изин суутуп кеткен" деген шек менен 42 жаштагы аял кармалды

Сокулук районунда "жер тилкесин сатып берем деп 4 миң доллар алып, изин суутуп кеткен" деген шек менен 42 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 26 жаштагы А.Т. кайрылган. Анда Айгүл аттуу аял анын ишенимине кирүү менен жер тилкесин сатып берем деп 4 миң доллар акчасын алып, изин суутуп кеткенин айткан.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 42 жаштагы Т.Г. аттуу Жалал-Абаддын тургуну кармалган. Бул факт боюнча "алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан