Орусиянын Ижевск шаарынын мектептеринин биринин короо шыпыргычы Семён Бухарин карга сүрөт тартып окуучулар менен мугалимдердин маанайын көтөрүп, интернеттин жылдызына айланды. Ал бир нече жылдан бери мектептин короосуна шыпыргы жана күрөк менен сүрөт тартат. Семён Бухарин өзү интернет технологияларын билбегендиктен, анын чыгармачылыгын окуучулар таратышкан.
"Идеялар өзүнөн өзү эле келе берет. Көбүнчө окуучулардын сүйлөшкөн сөздөрүн угуп, ошого байланыштырып тартам. Менин сүрөттөрүм интернетке жүктөлүп жатканын кокустан эле билип калдым. Окуучулар бийиктиктен сүрөткө тартып, социалдык түйүндөргө илишчү экен. Андыктан мен сенсордук телефон алып Инстаграмда баракча ачтым",- дейт сүрөтчү. Ошондой эле ал окуучуларды жакшы көрөрүн жана алардын маанайын көтөрүү үчүн сүрөт тартарын, кубанычтуу жүздөрдү көрүү ал үчүн маанилүү экенин кошумчалаган. С.Бухарин ар бир сүрөткө 30 мүнөттөй убакыт сарпталарын айтат.