Учурда Бишкек шаарын коммуналдык кызмат көрсөткөн 12 мекеме тейлейт, анда 12 миңдей адам эмгектенет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Бүгүн, 19-мартта мэр Иса Өмүркулов турак жай коммуналдык чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. “Сиздер адамдардын жашоосунун сапаты жана коомдук туруктуулук көз каранды болгон тармакта иштеп жатасыздар. Ар бир үйдүн, үй-бүлөнүн жакшы жашоосу көптөн-көп ушул тармактын туруктуулугунан, ишенимдүүлүгүнөн жана анда иштеген адамдардын кесипкөйлүгүнөн, жоопкерчилигинен көз каранды”,- деди шаар башчысы. Мындан сырткары Өмүркулов шаардын калкын жана ишканаларын жылуулук, электр энергиясы, газ, суу менен үзгүлтүксүз, сапаттуу камсыздоону сактоо үчүн бардык мүмкүн болгон иштерди жасоо керектигин белгиледи.