"Бүгүнкү күндө АКШда 25 миңдей кыргыз жарандары жашайт. Алардын ичинен 1 миңге жакыны студенттер". Бул маалыматты бүгүн, 19-мартта "Парламент” радиосуна берген маегинде ЖКнын депутаты Каныбек Иманалиев айтты. Ошондой эле эл өкүлү АКШдагы кыргыз мигранттары үчүн жеңилдетилген 5 жылдык визалык режимди колдонууга уруксат берүү багытында тиешелүү тараптар менен пикир алышкандыгын билдирди. Айтымында, АКШ менен Кыргызстандын кызматташтыгы жыл сайын бекемделүүдө.