* Мындан 3 жыл мурун, 2013-жылы актриса Зарылкан Бообекова Бишкек-Торугарт жолунда болгон автоунаа кырсыгынан 54 жаш курагында каза болгон.
Актриса бир топ көркөм тасмаларда роль жараткан, алардын бири – көп сериялуу "Чиркин өмүр" тасмасындагы Зикинтайдын ролу. Мындан тышкары орусиялык режиссёр Влад Фурмандын “Үй-бүлөлүк үй” фильмине тартылган.
* Мындан 46 жыл мурун, 1970-жылы орусиялык ырчы, актёр, композитор, пианист, продюсер жана телеалпаруучу Дмитрий Маликов Москвада чыгармачыл адамдардын үй-булөсүндө туулган.
Дмитрий Маликов 25 жылдык карьерасында 100дөн ашык ырларды жаратып, алардын басымдуу бөлүгү хитке айланган. Ырчы 2010-жылы 40 жашында "Орусиянын Эл артисти" наамын алган.
* Мындан 44 жыл мурун, 1972-жылы түрктөрдүн "Даңазалуу кылым" сериалындагы Гүл аганын ролу аркылуу атактуулукка жеткен түрк актёру Энгин Гүнайдын Түркиянын Токат шаарында көп балалуу үй-бүлөдө төрөлгөн. Энгиндин ата-энеси уулу врач же инженер сыяктуу олуттуу кесиптин ээси болсо деп кыялданган. Бирок Энгин актёрдук кесипти тандаган. Ал Улуттук консерваторияны аяктаган. Андан соң комедия жанрындагы тасмаларда роль жаратып таанымал болгон. Ал өзүнүн карьерасын тасмаларга сценарий жазгандан баштаган. Өзүнүн комедиялуу сценарийи менен "Vavien" тасмасын тартып, "эң мыкты" деген баага арзыган. Ага 2011-жылы "Даңазалуу кылым" сериалындагы Гүл аганын ролу сунушталып, ал Хүрем султандын эң ишенимдүү кол алдындагы кишисинин образын жараткан. Алгач ага бул ролду сунуштаганда "мага кичинекей эле ролду берип койдуңар" деп таарынган, бирок ошол кичинекей эле роль көпчүлүктүн көңүлүндө калган.
* Мындан 3 жыл мурун, 2013-жылы Казакстандын Алматы шаарына жакын жерде казакстандык жүргүнчүлөрдү ташуучу учак жерге кулап, окуядан 21 адам каза тапкан. "SCAT" авиакомпаниясына таандык Chellenger-200 учагы бул күнү Кокшетау - Алматы багытында учуп келе жатып кырсыкка кабылган. Учакта 16 жүргүнчү жана экипаждын 5 кызматкери болгон. Авиакырсыктан каза болгондордун ичинде кыргызстандык жаран да болгон. Ал Бишкек шаарынын тургуну, 35 жаштагы Акрам Низамов болгон.
29-январда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.