Бүгүн кыргыз ырчылары Красноярск шаарында кайрымдуулук концертинде ырдашууда. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Бул кайрымдуулук концерти 7 жаштагы Фирдавс Төрөбаевге жардам берүү максатында коомдук активист Зарина Төлөгөнова тарабынан уюштурулду. Концертке ырчылар Омар жана Иса Өмүркулов катышып жатышат. Фирдавстан жардамын аябай келгендери үчүн ыраазыбыз",- дейт окурман.
Эскерте кетсек, Фирдавсты 6 жашында автоунаа сүзүп кеткен.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.