Өөн жорук: Орусиядагы айтылуу теке депутаттыкка ат салышат

Жолборс менен "достошкон" айтылуу теке - Тимур Алыскы Чыгыш федералдуу округунан Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттыгына ат салышат.

Мындай чечимди теке байырлаган Приморск сафари-багынын директору Дмитрий Мезенцев кабыл алганын орусиялык ММКлар жарыялашты.

Теке шайлоого өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары катышмакчы. "Албетте, билем, текеден "толк" деле чыкпайт. Бирок азыркы депутаттардан деле "толк" чыкпай жатпайбы. Аларга караганда теке Тимурдун зыяны азыраак болот. Ал жалган айтпайт, уурдабайт, сөз менен элдин башын айлантпайт",- дейт Мезенцев.

Директор депутаттыкка өткөн теке добуш берүүлөргө катыша аларын айтат. "Куйругун өйдө көтөрсө "макул", ылдый түшүрсө "каршы", жерге тийгизип алса "добуш берген жок" дегенди билдирет. Депутаттар өздөрүнүн чечими үчүн жоопкерчилик тартышпайт. Тимур деле ошолор сыяктуу өзүнүн жүрүш-турушу үчүн жазага тартылбайт",- дейт сафари-бактын жетекчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Shanson
2016-01-29 17:23:47
Норм)).
Буйруса, башкарып алат да коллэгаларын )
Анан да ммкдан кошоматчы бир гезит же сайт таап алса эле "ташы өөдө кулады" дей бер :)
+1
Aidai5555
2016-02-01 11:51:23
Shanson, коллэгаларын - коллегаларын
0
Urmat-1989
2016-01-29 17:24:37
орус ойундагысын кылат
+3
Uli6886
2016-01-29 17:36:09
Бизде эки текенин башы бир казанда кайнабайт)))
+4
modem4999
2016-01-29 17:37:23
Бул теке жолборс менен уже дос болбой калышкан,урушуп кетишиптир,теке азыр ветеринарлардын козомолундо экен...Эми депутат болоюн деп чечкен турбайбы, жакшы.
+2
esimdesin
2016-01-29 18:06:30
ой шумдуууууууккк
0
Bermet_Kasymova
2016-01-29 18:23:38
Лол))
0
kama_future_millioner
2016-01-29 18:40:23
Бул жагы шумдукко
0
Datsent
2016-01-29 18:45:36
Госдумага келип калса РФ мн карым катнашыбыз дагы онолотко хаха
+2
Svoboda83
2016-01-29 18:47:27
Кылаарга иш жок экенда
+1
nureldik92
2016-01-29 20:15:24
тушунбодум ким тушунду жазып койгулачы теке и тимур жонундо
0
Zarema94
2016-01-29 21:51:44
nureldik92, текенин аты-Тимур
0
BekAmir
2016-01-29 22:12:44
Туура. Биз деле эгемендуулук алганда эле депутаттардын ордуна 120 эчки теке кылып койгондо эмдигиче эгизден тууп пайда кылмак
+4
Kroxa
2016-01-29 23:33:56
BekAmir,хе-хе...туура айтасын и азыраак ичип жешип,жалган суйломок эмес и эч кимге обещание кылмак эмес.....
0
al-abu-kinesz
2016-01-30 01:24:49
Омуру узун Теке болсун! (Ти)мур деп атты да таап беришиптир :)
0
Torreto
2016-01-30 01:48:10
Шумдукко бул текеси качанга чейин башкарат экен эми
0
dubai
2016-01-30 02:45:35
олтуруптур текенин ээси!))))туура айтат,копчулук депутаттардан пайда жок,"макул" "каршы" деген кнопкаларды басып коюп уктап отурушат,а депутаттын привилегияларын колдонушса балакеттей колдонушат,бул киши тамсилдин жардамы менен депутаттарды чымчып отуптур да.
+2
STAN_KG
2016-01-30 14:21:46
ой тооба эмне гана ойлоп таппай жатышат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан