Бүгүн, 19-мартта Бишкектеги Жал кичи районунда жана Ынтымак жаңы
конушунда милициянын аймактык бөлүмчөлөрү ачылды. Мэриянын басма сөз кызматы
билдиргендей, иш-чарага Ички иштер министри Абдулда Суранчиев, Бишкек шаарынын мэри
Иса Өмүркулов жана жергиликтүү тургундар катышты. Мэр эгерде аймактык
бөлүмчөлөрдүн кызматкерлери жакшы иштеп, алардын аймагында кылмыштуулуктун саны азайса, аларды турак жай менен камсыз кылуу маселеси карала турганын айтты. Учурда
Бишкек шаары боюнча 33 аймактык милиция бөлүмчөсү бар.