Жылнаама, 30-январь: Мындан 54 жыл мурун ЖКнын экс-депутаты, маркум Тынычбек Акматбаев төрөлгөн

* Мындан 54 жыл мурун, 1962-жылы ЖКнын экс-депутаты, маркум Тынычбек Акматбаев Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында төрөлгөн. Ал 1983-жылы Фрунзе шаарындагы Соода техникумун, 1993-жылы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөн. Тынычбек Акматбаев 2005-жылы март айында 3-чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган.

2005-жылы 20-октябрда депутат Тынычбек Акматбаев октон курман болгон. №31-колонияда чыккан көтөрүлүштү басуу максатын көздөгөн Тынычбек Акматбаев ал жакка жол алган. Тилекке каршы, көтөрүлүшчүлөр андан бетер чыр чыгарышып, кандуу жаңжал коштогон атышуу башталган. Капысынан ок жаңылган эл өкүлү менен бирге анын үч жан сакчысы каза болгон.

* Мындан 4 жыл мурун, 2012-жылы "акча махинациясын жасап, мамлекетке 142 миллион сомдон ашык зыян келтирген" деп шектелип “Альфа Телеком” (“Мегаком”) жабык акционердик коомунун башкы директору Азамат Мурзалиев УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан камакка алынган.

* Мындан 93 жыл мурун, 1923-жылы популярдуу кинокомедиялардын жаратуучусу, советтик режиссёр, СССРдин Эл артисти, тагдырын тарых кылып жашаган Леонид Гайдай Амур облусунун Свободный шаарында төрөлгөн.

Леонид Гайдайдын атактуу тасмалары: "Ы" операциясы жана Шуриктин башка окуялары" ("Операция "Ы" и другие приключения Шурика"), "Кавказ туткуну" ("Кавказская пленница"), "Бриллиант кол" ("Бриллиантовая рука"), "12 отургуч" ("12 стульев"), "Иван Васильевич кесибин өзгөртөт" ("Иван Васильевич меняет профессию"), "Спортлото - 82", "Жашоо үчүн кооптуу" ("Опасно для жизни") (1985), "Частный детектив, или Операция "Кооперация" (1989), "На Дерибасовской хорошая погода или на Брайтон-Бич опять идут дожди" (1992) фильмдери ж.б.

* Мындан 78 жыл мурун, 1938-жылы Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Самаркандда төрөлгөн.
1960-жылы Орто Азия политехникалык институтун аяктаган. 1991-жылы Өзбекстандын президенти болуп шайланган. Каримов 2002-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө жетишкен. Анын натыйжасында президенттик мөөнөт 5 жылдан 7 жылга узартылган.

30-январда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nasyrkg
2016-01-30 17:54:20
Тынычбеке капысынан ок жанылбай эле атайылап олтурушкон
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан