Жылнаама, 1-февраль: Мындан 109 жыл мурун Алай ханышасы Курманжан датка көз жумган

* Мындан 109 жыл мурун, 1907-жылы алайлык кыргыздардын ханышасы Курманжан датка Оштун жанындагы Мады кыштагында көз жумуп, сөөгү Оштогу Сары-Мазарга коюлган.
Курманжан датка 1811-жылы Ош шаарынын жанындагы Ороке кыштагында туулган. Алайдагы кыргыздардын башкаруучусу. Муңгуш уруусунун Жапалак уругунан. Курманжан жаш кезинен эле өз оюн бетке айткан, акыл-эси башкалардан өзгөчөлөнүп турган, намыскөй кыздардан болгон.

* Мындан 5 жыл мурун, 2011-жылы Чүй облустук сотунда мурдагы президенттин иниси Санжар Бакиевдин үстүнөн сот иши болуп өткөн. Сот Жалал-Абад шаардык сотунун өкүмүн өзгөртүп, Санжар Бакиев Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын имаратын басып алуу иши боюнча да күнөөлүү деп табылган. Жыйынтыгында айыпталуучу 10 жылга эркинен ажыратылып, 50 миң сом өлчөмүндө айып салынган.

* Мындан 4 жыл мурун, 2012-жылы Египеттин Порт-Саид шаарынын стадионунда жергиликтүү "Аль-Масри" клубунун жана каирдик "Аль-Ахли" клубунун ортосунда болгон оюн учурунда чыр чыккан. Оюн учурунда күйөрмандар чуркап чыгып "Аль-Ахлинин" футболчуларын сабап киришкен. Массалык мушташтан жана тыгындан 73 киши өлүп, миңдеген кишилер ар кандай жаракат алышкан.

* Мындан 2 жыл мурун, 2014-жылы Индонезиядагы жанар тоонун атылып чыгышынан 14 адам көз жумган. Алар вулкандын ысык түтүнүнө туш болушкан. Каза тапкандардын денеси Синабунг вулканына жакынкы айылдардан табылган. Набыт болгон 4 мектеп окуучусу вулканды көрүү максатында келгени аныкталган.
Синабунг – Суматра аралынын түндүгүндө жайгашкан жанар тоо жана 400 жылдан кийин кыймылга келип, 2010-жылы атырылып чыккан.

1-февралда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан