18-мартта акыйкатчы Турсунбек Акун камактагы “ата журтчу” депутаттардын ал-абалы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда айыпталуучулардын СИЗОдо кармоо шарттарына жана УКМКнын кызматкерлерине эч кандай дооматтары жок экендиги белгилүү болду. Депутат Садыр Жапаров өзүнө коюлуп жаткан "бийликти күч менен басып алуу" беренеси боюнча соттолуп кетсе, анда БУУга, ЕККУга, Европа өлкөлөрүнө, Канада, АКШга чейин арызданарын айтты. Депутат ошондой эле ЖКда "Кумтөр" маселесин талкуулаган күнү камактан убактылуу бошотулбай, ал жыйынга катышпай калганы туура эмес болгонун кошумчалаган.