18-мартта Чүй облусунун Москва районунда оор кылмышка шектүү 20 жаштагы Ю.Г. аттуу айым кармалды. Ал жарандык никеде жашап жаткан күйөөсүн бычактап өлтүрүү кылмышы боюнча күнөөлөнүүдө. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык болор күнү аялы менен күйөөсүнүн ортосунда чыр чыгып, күйөөсү оор жаракаттан көз жумган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иши башталды.