Бишкекте Башкы прокуратуранын мурунку имараты жайгашкан кварталды куруу боюнча архитектуралык сынактын жыйынтыгы чыкты

Үстүбүздөгү жылдын 29-январында борбор калаанын Киев, Орозбеков, Токтогул жана Панфилов көчөлөрү менен чектелген кварталынын архитектура-шаар куруу концепциясынын ачык сынагынын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты. Сынак Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек башкы архитектура жана Кыргыз Республикасынын Архитекторлор кеңеши тарабынан жарыяланган.

Коомдук талкуу жана шаар куруу чечиминин рейтингдик баалоо жолу менен байгелүү орундарды төмөнкү долбоорлор алды:

1-орунду 6375 шифри менен турган долбоор алды. Автордук жамаат: А.Алсейитов, М.Сатыбаев,
А.Абдрасулов. Долбоордун катышуучусу архитектор Намазбек уулу Талантбек жана КМКТАУнун студенти Н.Алсейитов.

2-орунга 1717 шифри менен турган долбоор ээ болду. Автордук жамаат: Т.Токторалиев, архитекторлор Б.Жолдошев, К.Терехова, И.Тохмазова.

3-орунду 9192 шифрдеги долбоор алды. Автордук жамаат: жетекчиси А.Кыдыралиев, архитекторлор
У.Асанов, Шергазы уулу Улан.

Алдынкы орундарга ээ болгондор өзүлөрүнүн долбоорлорун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк ала алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
milan_92
2016-02-01 23:49:24
охоо кана эми ушул курулса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан