Бишкекте өзүн өзү өрттөп каза тапкан жигит жакында эле атасынан айрылып, апасы ооруп жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 1-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Иликтөө иштеринин алкагында маркумдун апасы төмөнкүлөрдү айтып берген: "30-январь күнү 24 жаштагы уулум көптөн бери токтоп турган унаасын айдайм деп, бензин алып келүү үчүн Фучик көчөсүндө жайгашкан май сатуучу жайлардын бирине кеткен. Уулумдун жүрүм-турумунан шектүү эч нерсе деле байкаган эмесмин".
Ал эми өзүн өрттөгөн жигит жолдо келатып сатып алган 10 литр бензинди өзүнө чачып, өзүн өрттөп салган. Анын денесинин 90 пайызы күйүп, 3-4-даражадагы күйүктөрдү алган. 24 жаштагы Андрей Панин оор абалда өзүнө келбей жатып 31-январь күнү саат 04:20 чамасында 4-Шаардык ооруканада каза болгон.
Бул факт боюнча курамында кылмыштын далилдери жок болгондуктан, кылмыш иши козголгон эмес.
Айта кетсек, 30-январда Ленин жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде 24 жаштагы жигит өзүнө бензин куюп өрт чыгарган.