Бүгүн, 19-мартта Интерполдун Кыргызстандагы улуттук борбордук бюросу Орусиядан уурдалган унааны Бишкектен тапты. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, борбор шаарда 2012-жылы чыккан Тойота Ленд Крузер 200 үлгүсүндөгү унаа текшерилип, унаанын тетиктериндеги тийиштүү номерлер өчүрүлгөнү тастыкталган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, унаа 2012-жылдын декабрь айында Орусиядан уурдалганы маалым болгон. Окуя боюнча унаанын ээси убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тийиштүү документтер прокуратурага берилгени айтылды.