Бишкекте Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн чыңдоого салым кошкон даңазалуу мамлекеттик ишмерлердин эстелигине гүл коюлду

Быйыл Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы, Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгы салтанаттуу белгиленүүдө. Буга байланыштуу бүгүн, 1-февралда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы жыйындар залында Кыргыз АССРинин түзүлгөнүнүн 90 жылдыгына арналган салтанаттуу тегерек стол өткөрүлөт. Анда кыргыз мамлекеттүүлүгүнө байланыштуу көптөгөн маселелер талкууланып, бир топ көрүнүктүү философ, саясат таануучулар жана тарыхчылар өз баяндамалары менен чыгып, сөз сүйлөшөт.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында орчундуу орунду ээлеген мааракелик окуяларга байланыштуу ар тараптуу маданий, илимий жана башка коомдук иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бүгүн, 1-февралда кыргыз бийлигинин жана коомчулугунун өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн чыңдоого салым кошкон даңазалуу мамлекеттик ишмерлердин эстелигине, Тарых музейинин чыгыш тарабындагы аянтта жайгашкан айкелдерге гүл коюшту. Мындан тышкары алар Чоң-Таш айылындагы “Ата-Бейит” комплексине барышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан