Баткен. Быйылкы "Иштерман жылына" карата Айдаркен шаарын оңдоо иштери жүргүзүлөт
2013-жыл “Иштерман жылы” деп жарыяланган. Буга байланыштуу быйыл Баткен облусундагы Айдаркен шаарына караштуу ички жолдорду оңдоп түзөө пландалууда.
Ошондой эле шаардын ортосундагы базарды
да башка, ыңгайлуу жерге көчүрүү маселеси каралууда. Анткени бул базар унаа кыймылына тоскоолдук жаратып келет. "Шаар бийлиги менен
“Айдаркен” сымап комбинаты биргеликте борбордук
көчөлөргө түнкү жарыктарды орнотуу, балдар бакчасын ачуу, спорт зал, бассейн куруу сыяктуу маселелерди
чечүүнү да колго алышууда. Буюрса, 20- марттан баштап шаар ичиндеги жолдор оңдоло баштайт”,- деп билдирди
аталган шаардын мэри Момун Мукумов.