Ош шаарында мугалимдерге компьютердик курстар атайын мектептердин базасында өтүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, алгачкылардан болуп шаардагы №30-мектептин эмгек жамааты атайын жогорку окуу жайларынын адистери тарабынан компьютердик курстан өтүп, сертификаттарга ээ болушту. Аталган мектептин директору Махбурат Маматалиеванын билдиришинче, бул курстун жүрүшүндө мугалимдер интерактивдүү такталарды колдонууну да өздөштүрүшкөн. Учурда мугалимдер сабактарды жаңы технологиялык каражаттардын жардамы менен өтүшүүдө.
"Биз бул иш-аракетти атайын сабак жок кезде, башкача айтканда, кышкы эс алуу учуруна уюштуруп, мугалимдерибиз ЖОЖго каттабай, тренер өзү мектебибизге келип курс өттү. Шаардын борборунан алыс жайгашкан айыл мугалимдерине бул бир топ жеңилдик болду",- дейт М.Маматалиева.
Кошумчалай кетсек, бул көчмө курс учурда Оштогу №9-мектепте да өтүп, башка мектептерде уланууда.