31-январда SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына "Ош базарда" кумар оюндары уюштурулуп жатканы тууралуу окурман кабарлаган. Бул окуяга байланыштуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жыргалбек Сабралиевге байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык: "Ош базарында" кумар оюндары уюштурулган эмес. Базарда эч кимдин андай жолго барганга эрки жетпейт. "Ош базарын" караган балдарыбыз ал кумар оюну эмес, лотерея экенин айтышты".