Өлкөдө психоневрологиялык ооруканаларда балдар бөлүмдөрү жоктугу айтылды

Бүгүн, 1-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда жарандардын медициналык жардам алууга болгон укуктары, жарандардын каттоосу тууралуу маселелер, тургундарды квалификациялуу медициналык тейлөө менен камсыз кылуу тууралуу талкуу болду. Мындан тышкары жолугушууда психоневрологиялык ооруканалардагы дарыгерлердин жана Үй-бүлөлүк медициналык ооруканалардагы психиатрлардын жетишсиздиги, психоневрологиялык ооруканаларда балдар бөлүмдөрүнүн жана балдар психологдорунун жоктугу белгиленди. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жетишерлик көңүл бурулбай жатканы айтылды.

"Бүгүн айтылган көйгөйлөрдүн баары татаал, аны жалгыз Саламаттыкты сактоо министрлиги жана медицина кызматкерлери чече албайт. Бул маселелерди көтөрүп, башка мекемелер менен биргеликте чечүү керек",- дейт Талантбек Батыралиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан