Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин Ош шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгы "2015-жылдын эң мыкты мекемеси" деген номинация менен сыйланды. Бул номинацияны Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев тапшырды. Муну аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.
Кыргыз Республикасынын Президентинин "2015-жыл - Улуттук экономиканы чыңдоо жылы" деп жарыялаган жарлыгына ылайык, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин 2016-жылдын 26-январындагы №7-токтому менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана 2015-жылдагы жогорку көрсөткүчтөрү үчүн ӨКМнын Ош шаардык Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгын "2015-жылдын эң мыкты мекемеси" диплому жана акчалай сыйлык менен сыйлады. Мэр ушундай мамлекетке кызмат өтөгөн мекеме-ишканалар көбөйүп, өз салымын мамлекеттен аябоону баса белгилеп кетти.
2015-жылы Ош шаарында 203 өрт кырсыгы катталып, өрт кырсыгынан 4 адам каза болгон, 17 адам ар кандай даражадагы күйүк жаракаттарын алышкан. Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 33 адамдын өмүрү жана 57 миллион сомдон ашык материалдык баалуулуктар сакталып калган.