Бишкекте 1999-жылга чейин салынган үйлөрдүн жерлерин менчиктештирүү укугу берилип жатат

Бишкекте 1999-жылга чейин салынган үйлөрдүн жерлерин менчиктештирүү укугу берилип жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

2015-жылы Жеке турак үй куруу департаменти тарабынан жарандарга турак үй салууга жерлерди менчиктештирүү укугун берүү үчүн Бишкек шаардык мэриясынын 20 комиссиялык отурумун өткөргөн. Жалпысынан жарандардын 316 арызы каралган. Алардын 114үнө жерлерди менчиктештирүү укугу берилип, 55 жаранга жерлерди 5-10 жылга чейин колдонуу мүмкүнчүлүгү берилген. 120сы кийинки кароого жылдырылып, 36сына жерлерди менчиктештирүү укуктарын бербөө чечими чыгарылган.

Жеке турак үй куруу департаменти 1999-жылга чейин гана салынган үйлөрдүн ээлерине жерлерди менчиктештирүү укугу берилерин эскертет. Ал үчүн төмөнкү документтерди аталган департаментке өткөрүү керек:

- арыз;

- өздүктү тастыктоочу документтин көчүрмөсү;

- техникалык паспорттун көчүрмөсү;

- жашаган жеринен үй-бүлөсү тууралуу маалым кат;

- жерди арыз жазгандын атына каттоого анын жакындарынын нотариалдык макулдугу;

- жакын коңшуларынын жердин чегине доосу жоктугу тууралуу кварталдык башчы тарабынан күбөлөндүрүлгөн тил кат;

- үйдүн 1999-жылга чейин салынгандыгын тастыктоочу документ, техникалык паспорт жок болсо, 1999-жылга чейинки төлөнгөн эсеп дүмүрчөктөрү жарайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан