* Мындан 131 жыл мурун, 1885-жылы Кыргыз Республикасынан чыккан советтик аскер башчы Михаил Васильевич Фрунзе Пишпек шаарында фельдшердин үй-бүлөсүндө туулган. 1896-жылы Верныйдагы эркектер гимназиясына тапшырып, аны алтын медаль менен аяктаган. 1904-жылы Петербурдагы Политехникалык институттун экономикалык факультетинде окуп жүрүп революциялык иштерге аралашкан. Бир нече жолу революциялык иштери үчүн камакка алынган. Октябрь революциясынан кийин жарандык согуш мезгилинде Чыгыш фронтун, Түркстан, Түштүк фронтторун жетектеген. 1924-жылы СССРдин аскер жана деңиз министри болуп дайындалган.
Михаил Фрунзе 1925-жылы 31-октябрда 40 жашында операция учурунда каза тапкан. Анын атын Бишкек шаары 1926-жылдан 1991-жылга чейин алып жүргөн.
* Мындан 29 жыл мурун, 1987-жылы "Тамашоу" долбоорундагы "Моника Белуччи" командасынын капитаны, "тамашоучу" Бакыт Осмонканов Бишкек шаарында төрөлгөн. "Тамашоуго" чейин Евгений Акопяндын "Кыргызстан КВНи" Лигасында "Весёлый строитель" командасында ойногон. Кийин "Тамашоудон" "IUK" командасына кошулуп ойноп, андан чыккандан кийин "Моника Беллуччи" командасын түзүшкөн. "Тамашоудон" сырткары телеалпаруучу катары да таанылып, жаштарга арналган көңүл ачуучу программаларды алып барган.
* Мындан 64 жыл мурун, 1952-жылы Корея Республикасынын 11-президенти Пак Кын Хе Тэгу шаарында төрөлгөн. Ал 1970-жылы Сеулда орто мектепти аяктап, андан соң жогорку билимди Сеул университети Соганда алган. Аны бүтүргөн Пак Кын Хе Тайвандагы Кытай маданиятынын университетин 1987-жылы аяктаган.
Пак Кын Хе эч качан турмуш курган эмес жана балдары жок, өзүн саясий жашоого арнаган. 2012-жылы 19-декабрдагы президенттик шайлоодо Кын Хе 51 пайыз менен утушка ээ болгон. Инаугурация 2013-жылдын 25-февралында болуп, андагы кызыктуу окуя дүйнө жүзүнө “Гангнам стайл” ыры менен белгилүү болгон кореялык ырчы Псайдын ырдап бериши болгон. Азем Улуттук жыйындын имаратынын астында 70 миң адамдын катышуусу менен өткөн.
* Мындан 39 жыл мурун, 1977-жылы колумбиялык ырчы, бийчи Шакира Риполль Колумбиянын Барранкиль шаарында төрөлгөн. Шакиранын таланты бала кезинен эле байкала баштаган. Бир жарым жашында алфавитти толук билип, үч жашында китеп окуганды үйрөнгөн. Ал эми төрт жашында мектепке барганга толук даяр болгону менен, жашынын жетпегенине байланыштуу кабыл алынган эмес. Жашы бешке толгондо ата-энеси атайын адистерди чакыртып экзамен алууну өтүнүшкөн. Жүргүзүлгөн экзамендин натыйжасында Шакира “вундеркинд” деп табылган.
Кичине кезинен сүрөт тартууга, ыр жазууга болгон кызыгуусун байкаган апасы Шакини сүрөтчү же атасынын жолун жолдоп жазуучу болот деп ойлогон. Бирок 1-классынан Шакиранын бийге жөндөмдүүлүгү өзгөчө байкала баштаган. Бардык жергиликтүү бий сынактарынан биринчиликти бербей келген Шакира 8 жашка толгондо анын дагы бир таланты ачылып, ырдап да чыга баштаган.
2-февралда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.