Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги кыргызстандыктарды аталган өлкөнүн Сабах штатына барбоосун эскертет. Ал эми Кудат шаарындагы кыргыз атуулдарына ал аймактан чыгып кетүүнү сунуштайт. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Жергиликтүү бийлик бул аймактардан чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн учурда кабар бериле тургандыгын жарыялаган. Эске сала кетсек, 1-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин малайзиялык укук коргоо органдары менен Филиппинден келген куралдуу топтордун ортосунда кармашуу жүрүп жатат.