Швейцариянын жарандары иштебестен ай сайын 2250 евро ала алышат

Швейцариянын жарандары иштебестен ай сайын 2250 евро (2500 франк) ала алышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Швейцарияда жарандардын маянасына жана жумушу жоктугуна карабастан, айына 2250 евро алуусу каралган референдум өткөрүлөт. Ал эми жашы жете электер үчүн айына 625 франк берилип турат. Добуш берүү ушул жылдын июнь айында өтөт.

Бул мыйзамдын негизги максаты - киреше менен жумуштун ортосундагы байланышты жокко чыгаруу. Бирок социалдык сурамжылоодо жарандардын басымдуу бөлүгү бул төлөмдөр күчүнө кирген күндө деле жумушту таштабай турганын айтышкан. Болгону 2 гана пайызы жумушун таштоого даяр экени аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Kyialbek.a
2016-02-02 09:28:14
Бизде деле ошондойго туугандар!Бирок айырмасы карапайым адамдаргана иштейт чиновниктер иштебей эле андан коп маяна алып жатпайбы
+11
aruuzat88
2016-02-02 09:44:24
Аллахка шүгүр эле дейли туугандар,негизгиси өлкөбүздө тынчтык эле болсун.
Бизге жөн эле акча бербесин өкмөт,иш жумуштары көп болсун,чет өлкөдө эмес,өз өлкөбүздө иштеп,өз өлкөбүзгө салым кошмокпуз.
+8
Baymat
2016-02-02 10:02:29
Бизде мындай болсо тесекри добуш бермекпиз 2% иштегендер 98% иштебейт элек дешип ушундай болсо керек бул менин жеке оюм:-)
+4
Nendi15
2016-02-02 10:06:45
Биз иштеп 2250доллар эмес сом зорго алабызго э....биз иштегенибизге ушунча айлык берсе кана уктабай иштейт элекго
+5
Mongol1155
2016-02-02 10:14:16
Мына окмот деп ушуну айт!Бизде пенсияны жондоп бере албай жатышат.Жумуш туралуу айтпай эле коелу?
+5
jan0097
2016-02-02 10:47:17
бизге мындай мыйзам кереги жок . ХХХ ХХХ ХХХ
+1
admin_superstan
2016-02-02 11:56:46
jan0097,
Эскертүү! Жалаң баш тамга менен жазылган сөздөрдү жазууга тыюу салынат!
0
elgiz0890
2016-02-02 10:54:56
Уруулук адам олтуруу оз жанын кыйуу деген нерселер азаят болчу Эгер ушундай болгон болсо бай кедей деп болбой баарыбызга закон бирдей болмок азыр бизде акчалуулардын заманы болуп жатат
+3
jetinur90
2016-02-02 11:38:22
Бекер акча десе элдер оой кантет,тегинге болсо лом жутат го
+1
Umar080814
2016-02-02 12:18:19
Мен акча сурабайм өкмөттөн сураганда эмесмин бир гана сураныч жеке ишкерлерге тийишбей турса болду?
+1
adiletkina
2016-02-02 12:34:43
бизге бекер бербей эле койсун жумууш таап берип ошо жумушка норм ле толоп берсинчи а
+2
talant.m
2016-02-02 15:51:49
Шугур дешкерек туугандар,анткени биз эгеменду коз карандысыз мамлекетпиз,биздин мекен тынч, природасы ото жакшы,абасы таза каалагандай жашасак болот,озбекстан тажигистан жб-га салыштырмалу.
0
Aktilek1994
2016-02-02 17:15:13
Эң көп адам өлүмү ушул Швейцарияда болот. Эмне үчүн? Себеби, мына адамдар бай, иштеп да иштебей да акча табышат... Булар жедеп тажагандан эмне кылаарын билбей акыры " баарын көрдүм, эми өлүп да көрөйүнчү деп өлүп алышат". Ошондуктан байлык-бийлик, акча адамды бактылуу кыла албайт. Албетте, Бактылууууууууулуктун жолу Исламда. Бул сөздөр Арабиялык устазымдын 2013-жылы айткан сөзү.
0
PeRa
2016-02-02 18:14:32
Кичинекей квартиранын баасы 2500 болоорун кошо жазсанар болмок .Алардын айлыгына жараша баалары да бийик. Оной менен мамлекетине да киргизбейт .
0
PeRa
2016-02-02 19:22:37
Кобунчо Европада жашоо минималын толоп беришет. Квартира, тамак аш, кийимге жетчу акчасын. Иштебесен деле. Бирок иштегендер айлыгына жараша 30-50 процент налог толошот. Социалдык, медициналык , страховка озунчо толонот. Мындайча айтканда айлыгы жакшылар кедейлерди багышат.
0
oljazbek
2016-02-03 05:28:48
Аллах мындай нерсени эптей алгандарга берет,Мисалы биз жаш балдарга бычакты берип койсок бир жерин кесип алышы мумкун, Аллах бизге мындай нерсени берип койсо адам баласы эптей албашы мумкун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан