Спорттук иш-чараларда мамлекеттик гимнди уктуруу милдеттендирилүүдө

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 1-февралдагы жыйынында “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына сунушталып жаткан толуктоолор менен өзгөртүүлөр экинчи окууда каралды.

Сунушталган мыйзам долбоорунда өкмөткө караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жана башка мамлекеттик органдардын укуктук статусун, иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын аныктаган жоболорду “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамдан алып салуу сунушталууда. Мында айрым министрликтер менен ведомстволорго жүктөлгөн иш-милдеттер эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өткөрүлөт.

Мыйзам долбоорунда жаңы ченем киргизилген, ага ылайык, "Кыргыз Республикасынын аймагында өткөн Кыргыз Республикасынын чемпиондуктарын, биринчиликтерин жана спартакиадаларын ачуунун салтанаттуу аземин өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин гана уктуруу милдеттүү атрибут болуп саналат" деп көрсөтүлгөн. Бул багытта депутат Тазабек Икрамов "гимн ырдалып жатканда анын бир гана куплети аткарылбастан, толугу менен ырдалышы шарт" деген пикирин билдирди.

Ошондой эле мыйзам долбоору менен ири масштабдуу эл аралык спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын даярдыгы жөнүндө эл аралык уюмдарга расмий билдирүүлөрүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу менен гана жол бериле турган ченем менен толуктоо сунушталган.

Мыйзам долбоорунда 25-беренени жаңы бөлүк менен толуктоо сунушталган, ага ылайык, спорттун интеллектуалдык жана башка жаракат алуу коопсуздугу бар түрлөрү боюнча окуу-машыгуу сабактарына окутуунун кыска мөөнөттүү курстарынан өткөн адамдарга гана жол берилиши мүмкүн. Бул багытка кайрылган депутат Лунара Мамытова аталган берененин кыргызча редакциясы менен орусча редакциясынын тексттеринде айырмачылыктар бар экенин белгилеп, "тактоочу учурлар эске алынса" деген пикирин айтты.

Талкуу жыйынтыгында “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору комитеттин жактыруусуна ээ болуп, Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан