2012-жылы жергиликтүү кеңешке шайлоо учурунда "карусель" ыкмасын колдонгондугу үчүн айыпталып жаткан "Республика" партиясынын жаштар канатынын лидери Наргиза Ажибаева боюнча сот иши белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Мындай чечим кабыл алууга Ажибаеванын жактоочусу Леонид Лужанскийдин сотко келбей калгандыгы себеп болду. Кийинки соттук отурум качан боло тургандыгы белгисиз.