Жазык-сот өндүрүшүнүн катышуучуларын коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2006-жылдын 28- ноябрында Минск шаарында кол коюлган Жазык-сот өндүрүшүнүн катышуучуларын коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу 2-февралда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 30-декабрында кабыл алынган.

КМШ өлкөлөрүндө жазык-сот өндүрүшүнүн катышуучуларын натыйжалуу коргоону камсыз кылуу макулдашууну ратификациялоонун максаты болуп саналат. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан