Алмазбек Атамбаев Түштүк Кореянын президентин туулган күнү менен куттуктады

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2-февралда Корея Республикасынын Президенти Пак Кын Хени туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргыз өлкөсү Корея Республикасын маанилүү өнөктөш катары эсептейт жана элдерибиздин жакшылыгы үчүн өз ара пайдалуу кызматташтыкты арттырууга даяр. Кыргыз-корей алака-катыштарындагы жандуу жылыштарды колдоо жана соода-экономикалык кызматташтыкты жандандыруу максатында сизге ыңгайлуу убакта кыргыз жерине расмий иш сапар менен келүүгө сизди кайрадан чакырам»,- деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоо сөзүндө.

Алмазбек Атамбаев Пак Кын Хени жылнаама боюнча кирип келген Жаңы жылы менен куттуктап, Корея Республикасынын Президентине чың ден соолук, бакыт-таалай, мамлекеттик иштерине ийгилик, ал эми корей элине тынчтык жана бакубатчылык каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан