Жаңы конуштарды газдаштыруу маселеси талкууланды

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекова, "Газпром Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлү Адилет Жумабеков жана Бишкек шаарынын Ленин району боюнча куратору Мирбек Молдокунов Ала-Тоо, Ак-Өргөө, Ак-Ордо жаңы конуштарынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда жаңы конуштарды газ менен камсыз кылуу маселеси көтөрүлдү. "Газпром Кыргызстан" компаниясынын өкүлдөрүнүн айтымында, ушул жылдын май айынан тартып газдаштыруу иштери башталат. Газ түтүктөрүн орнотууну компания өз мойнуна алса, газ эсептегич абоненттин эсебинен коюлат. Учурда үй ээлерин аныктоо иштери жүрүүдө.

Чогулгандар аталган маселе боюнча жолугушуу уюштуруп, алардын көйгөйүн угуп, маалымат алууга жардам бергени үчүн ыраазычылык билдиришти. Депутат Жылдыз Мусабекова газ жетпеген жерлерди камсыз кылуу иштерине көзөмөл кыларын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан