Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси аймактарда салынчу эконом-классындагы турак жайлардын ордун көрүүгө сапарга чыкты

Бүгүн, 2-февралда Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында салынчу эконом-классындагы турак жайлардын ордун көрүү, жергиликтүү ишкерлер менен жолугуу үчүн сапарга чыкты. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Фонддун каражатынан кичи жана орто бизнестерин өнүктүрүү программасынын алкагында аталган облустарда иштегендер 247 миллион 498 миң сом өлчөмүндө насыяны жылына 12 пайыздык төлөм менен алышкан. Аймактарда фонддун жетекчилери Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондордун акимдери жана Баткен, Жалал-Абад, Ош шаардык мэрлери менен жолугат. Жолугушууда тараптар облустардагы эки шаарда курула турган эконом-классындагы турак жайларды куруу планы, ошондой эле аймактардагы ири ишканаларын насыялоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сүйлөшүшөт. Учурда мал чарбачылыгы, курулуш материалдары жана тигүү өндүрүштөрү менен алектенген компаниялар фонддун кичи жана орто бизнестерин өнүктүрүү программасы менен насыя алышкан.

Буга чейин Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынын өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана ишкерлери менен жолуккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан