Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында өкмөт тарабынан "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү" тууралуу мыйзамдын аткарылышы боюнча мониторинг жана анализ жүргүзүүнүн жыйынтыгы тууралуу" чечимдин аткарылышы талкууланды.
Бул багытта өкмөттүн курамындагы министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү, эл аралык уюмдардан чакырылгандар ар бири өз багыттарында аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча маалымат беришти.
Ички иштер министрлигинин Адам сатууга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын башчысы Саламат Адыловдун белгилешинче, 2014-жылы адам сатуу фактысы боюнча 18 кылмыш иши сотко ашкан болсо, 2015-жылы 10 иш сотко өткөн. “Жашы жете электерди сексуалдык кулчулукка саткан фактылардын 14ү катталган”,- дейт Адылов.
Ал эми башкы прокурордун биринчи орун басары Кылычбек Токтогуловдун белгилешинче, Биринчи Май райондук сотунда эле Темирбек кызы, Турдумат кызы, Шакенова аттуу жарандар адам сатуу иштерине байланышкан иштер менен айып тагылып, 5 жылга эркинен ажыратылган. "Ошто да ушул сыяктуу кылмыш иштерине байланыштуу 15 жылга абакка кесилгендер бар. Кочкор районунан Тилемишева аттуу атуул да 15 жылга эркинен ажыратылган",- дейт Токтогулов.
Депутат Наталья Никитенко адамдарды азгыруу жолу менен кулчулукка гана сатпастан, аларды согуш талааларына багыттаган көрсөткүчтөрдүн арбып жаткандыгына тынчсызданды. “Бир канча ай мурда эле Сирияга кеткен кыргыз жарандарынын саны 300 деп келсе, азыр алар 500дөн ашып, 2 эсеге чейинки өсүш алып отурганы маселенин курч тургандыгынан кабар берет",- дейт эл өкүлү.
Талкуу жыйынтыгында Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет адам сатууга каршы аракеттерди көрө турган ведомстволор аралык комиссия түзүүнү өкмөткө милдеттендирди. Ошондой эле бул багытта иш алып бара турган депутаттык жумушчу топ дагы түзүлмөкчү. Тармактык комитеттин төрагасы Садык Шер-Нияз жогорудагы түзүмдөр тарабынан аткарылган иштердин жыйынтыгын ар бир квартал сайын угуп турууну сунуштады.