2016-жылы "Экономикалык эркиндик көрсөткүчүндө" Казакстан 68-орунду алса, Кыргыз Республикасы 96-орунду алды

Америка Кошмо Штаттарындагы "Heritage Foundation" стратегиялык изилдөө институту аналитикалык изилдөөлөрүн жарыялап келет. Алардын ичинен "Экономикалык эркиндик көрсөткүчү" тууралуу изилдөөсү белгилүү. Аталган изилдөөнүн быйылкы рейтингине 170 өлкө кирсе, 166сына экономикалык эркиндик көрсөткүчү берилген. Так статистикалык маалымат жок болгондуктан, Ооганстан, Ирак, Лихтенштейн жана Ливияга аналитиктер тарабынан көрсөткүчтөр берилген эмес. 1-орунду Гонконг ээлеген. 2-орунда Сингапур, 3-орунда Жаңы Зеландия, 4-орунда Швейцария жана 5-орунда Австралия жайгашкан. Казакстан "Экономикалык көрсөткүч боюнча" 68-орунда турса, Кыргыз Республикасы 96-орунда турат. Ал эми Тажикстан 149, Өзбекстан 166 жана Орусия 153-орунга ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kama_future_millioner
2016-02-02 17:56:32
Ошондо биз Оруссиядан да отуп кеттикпи жакшыгоо
+1
bolsunalban
2016-02-02 22:13:04
kama_future_millioner, бул жагы кызык болуп кетти но ээ....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан