* Мындан 30 жыл мурун, 1986-жылы ырчы Султан Садыралиев туулган. Көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө жагымдуу үнү, маңыздуу ырлары менен татыган Султан Садыралиев 2009-жылы Маданият министрлигинен “Маданияттын мыкты кызматкери” деген наамга ээ болуп, төш белги тагынган. Ал эми “Супер-Инфонун” тандоосу боюнча “2006-жылдын мыкты ырчы мырзасы” деп табылып, ырчынын "Эгиз жүрөк" аттуу ырына тартылган клип "2011-жылдын супер клиби" наамына арзыган.
* Мындан 44 жыл мурун, 1972-жылы Иранды кардуу бороон каптап, 4000 адам көз жумган. Өлкөнүн борбордук бөлүгүндө кардын калыңдыгы 3 метрге жетсе, түштүгүндө 8 метрге жеткен. Каккан жана Кумар кыштагынын эли толук кырылып калган.
* Мындан 34 жыл мурун, 1982-жылы украиналык ырчы жана актриса Вера Брежнева (чыныгы фамилиясы – Галушка) Леонид Ильич Брежневдин мекени болгон Днепродзержинск шаарчасынын чет жагында төрөлгөн. Атасы менен апасы ошол эле шаарчанын химиялык заводунда эмгектенишкен.
Вера Брежнева мектепти бүткөндөн кийин анын юрист болуу тилеги ишке ашпай, экономика бөлүмүнө сырттан окууга өткөн. Днепропетровск шаарындагы Инженерлер институтуна тапшырып жатканда Вера көпчүлүктүн назарын бурган суйкайган сулуу кыз болгон. 2002-жылы ал “Днепропетровск сулуусу” сынагына катышууну чечип, сынактын алгачкы турларынан өтүп кеткен. Жеңишке келаткан кызга “ВИА-Гра” тобунун кастингге чакырган сунушу жагып, сынактын аягына жетпей топко кошулуп, ырчы болуп калган.
Вера 2003-жылы топ менен кошо Киев шаарына келип, топтун жетекчилери Веранын Леонид Ильич төрөлгөн шаарчадан экенин билгенде “эми сенин фамилияң Брежнева болот” дешип ага жаңы фамилия беришкен. 2007-жылы аталган топтон биротоло кетип, жеке карьерасын баштаган.
* Мындан 11 жыл мурун, 2005-жылы дүйнөдөгү эң кымбат гезит Кытайда чыккан. Гуандун провинциясынын Шэнчжэн шаарында жарык көрчү "Economic Daily" гезитинин материалдары бул күнү алтын барактарга басылган. Гезиттин саны "Гүлдөгөн Кытайдын мезгили" аталып, анда Кытай Элдик Республикасынын Мыйзам чыгаруу жыйынынын кийинки жылдардагы ишкердиги чагылдырылган. Гезит "коллекциялык" жана "люкс" басылыш вариантында ар бири 36 экземпляр менен чыгарылган. "Коллекциялык" басылыштын ар бир гезитине 500 грамм алтын, "люкс" басылмага 200 грамм алтын сарпталган. Гезиттин ар бир варианты 8100 жана 3500 долларга сатылган.
3-февралда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.