Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин жаңы үч депутаты ант берет. Маселе жалпы жыйындын күн тартибине киргизилген.
Өз ыктыяры менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу боюнча арызын жазган Жоомарт Сапарбаевдин ордуна Абдимуктар Маматов "Ата Мекен" фракциясына келет. Урмат Самаев менен Алмазбек Токторов "Кыргызстан" фракциясынан кетишкен Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованын ордуна келишет.
Айта кетсек, быйыл 11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы "Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиева өз ыктыяры менен депутаттык мандатты тапшыруу жөнүндө арыз жазышкан" деп, алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу чечимин кабыл алган.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 15-январда эки депутатты мандаттан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарган. БШК бул соттун токтомуна нааразы болуп, Жогорку Сотко арыз жазып, Жогорку Сот 21-январда райондук соттун чечимин жокко чыгарып, БШК кабыл алган чечимди туура деп тапкан. Жыйынтыгында аталган эки депутат мандаттан мөөнөтүнөн мурун ажырады.
Жумалиева менен Эсенаманова "биз депутаттык мандаттан баш тартууга арыз жазган эмеспиз" деп билдирип келишет.