Ошто ботулизмге 6 адам кабылып, 1 жаш 4 айлык бала каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башкы адиси Бактыгүл Исмаилова SUPER.KG порталына билдирди.
"31-январда Ош облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө ботулизмдин белгилери менен 6 адам кайрылган. Алардын ичинен 1 жаш 4 айлык баланын абалы өтө оор болгон. Ошол замат баланы жандандыруу бөлүмүнө жаткырып, интенсивдүү дарылоо жүргүзүлгөн. Ал эми калган 5 адамга ботулизмге каршы дары сайылган. Тилекке каршы, көрсөтүлгөн жардамга карабастан, кичинекей баланын жүрөгү токтоп каза болду. Санитардык кызматкерлер оорунун очогу үй шартында жасалган консервалык азык экенин аныкташты. Ал консервалык азык лабораториялык изилдөөлөргө жиберилди. Эми жыйынтыгын күтүүдөбүз",- дейт Бактыгүл Исмаилова.
Бүгүнкү күндө ботулизмге үйдө жасалган консервалык азыктарды колдонгондор кабылышууда. Бул туруктуу токсин. Аны ачык идиште 100 градустан ашуун температурада 20-30 мүнөт кайнатуу керек. Ботулизм - өлүмгө алып барчу оору. Андыктан белгилерин байкасаңыз, дароо ооруканага кайрылуу сунушталат.