Кытай Эл Республикасында улуттук жаз майрамынын белгиленишине байланыштуу аталган өлкөнүн демилгеси менен кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу 3-февралда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда "Торугарт унаа жолу" өткөрүү пункттары 7-февралдан 13-февралга чейин жана "Эркеч-Там унаа жолу" өткөрүү пункттары 6-февралдан 13-февралга чейин физикалык жактар, транспорт каражаттары, жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу жабылат.