Эшектин башын кармап түшкөн аялдын сүрөтү социалдык түйүндөрдө жайылып, коомчулуктун кызуу талкуусун жараткан. Окурмандар бул сүрөттү WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына жиберип, сүрөттөгү аялдын өздүгүн тактап, ага тиешелүү чара көрүлүшү керектигин жазышкан.
Ички иштер министрлигинин берген маалыматына ылайык, сүрөттүн булагы кыргыз жергесинде эмес. Сүрөт чет өлкөдө тартылып таратылган.
Сүрөттүн булагын табуу үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 10-Башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында сүрөттү 2016-жылы 29-январда Арман аттуу казак жараны "ВКонтакте" түйүнүндөгү "Армия мод" тайпасына жарыялаганы аныкталган. Кийинчерээк бул сүрөт ошол эле түйүнгө "Қызықсың сен, братишка" баракчасына 28-январда саат 18:32де жүктөлгөнү такталды.