Республикалык психиатриялык ооруканада эс тутумун жоготкон адамдардын туугандары изделүүдө

Республикалык психиатриялык ооруканада эс тутумун жоготкон эки адамдын туугандары изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, аты-жөнүн, өзү тууралуу эч кандай маалымат билбеген эки жаран учурда Кемин районундагы Чым-Коргон айылындагы психиатриялык ооруканада жатат. Оорукананын жетекчилиги бейтаптар алардын туугандарын таап берүүнү өтүнгөндөрүн билдирген.

Ниценко Дмитрий Яковлевич 1957-жылы 5-апрелде туулган. Аталган ооруканага 2015-жылы 9-декабрда жаткырылган. Өзү тууралуу эч нерсе билбейт, эс тутумун жоготуу менен жабыркайт. Жанында айдоочулук күбөлүгү болгон.
Өмүркулов Талант Мамашарипович 1983-жылы туулган. Ооруканага дарыланууга 2011-жылдын 13-апрелинде түшкөн. Анын айтымында, ал буга чейин Ош шаарында жашаган, бирок өзү тууралуу эч кандай маалымат билбейт. Ош шаарындагы Жарандык ал-абалдын актыларын жазуу бөлүмүнө 2012-жылы май айында жиберилген аныктамага андай адам катталбагандыгы тууралуу жооп келген.

КРнын Ички иштер министрлигинин Кылмышкерлерди издөө башкы башкармалыгы бул адамдар же алардын туугандары тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуздар, төмөнкү номурга кабарлап коюуну өтүнөт: (0312) 26-62-61

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан