Эртең борбор калаанын кээ бир аймактарында таза суу токтотулат

"Бишкек суу-канал" маалымдагандай, эртең, 4-февралда саат 10:00дөн 16:00гө чейин борбор калаанын кээ бир аймактарында таза суу токтотулат. Гапар Айтиев көчөсүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу Токомбаев - Сухэ-Батор - Гапар Айтиев - Куттубаев көчөлөрү менен чектелген Асанбай кичи районунун аймагына, 6-кичи районундагы №28, 29, 30, 34-турак үйлөрүнө, №157-бала бакчага, Октябрь сотунун имаратына, 7-кичи райондогу №14, 15, 16, 23/2, 23/1, 17, 18, 44, 45, 46, 47, 48, 49, 48/1, 48/2, 53-турак үйлөрүнө, №10-бала бакчага жана ошол аймактагы мейманкана, ресторандарга таза суу берилбейт.

"“Бишкек суу-канал” башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдоого чакырат",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан