10-февралдан тартып 10-мартка чейин Улуу жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздарга жардам көрсөтүү үчүн экспедиция уюштурулат. Мамлекеттик миграция кызматынан 3-февралда билдиришкендей, анын алкагында ал жакта жашаган кыргыздардын беш үй-бүлөсүн кыргыз жерине көчүрүп келүү пландалууда. Алар үчүн Ош облусунун Чоң-Алай районунан 20 гектар жер алынган. Алар деңиз деңгээлинен 4500 метр бийиктикте жашагандыктан, ден соолугун көзөмөлгө алуу керек.
Памирдеги кыргыздардын жалпы саны 1400 болсо, 2014-жылдан бери алардын 80 пайызы Ооганстандын паспортун алган.