19-мартта Ысык-Көл облусунда 3 айыл өкмөттүн башчылары шайланды. Тактап айтканда, Ысык-Көл районунун Өрүктү, Жети-Өгүз районунун Оргочор жана Светлая Поляна айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери аныкталды. Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысы Каныбек Супатаев, Өрүктү айыл өкмөтүнүн башчысы Каныбек Токтосопиев, Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Жылкычы Мамытканов шайланды. Ал эми Бостери айылдык кеңешинин 21 депутатынын 10у гана жыйынга келгендиктен кворум жок болуп, шайлоо өтпөй калды.