19-мартта Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин жаңы курамы алгачкы жыйынын өткөрүп, анда
2013-жылы "Кумтөр" ишканасынан түшүүчү 400 миллион сомду райондорго бөлүштүрүү жана аны социалдык багыттагы иштерге жумшоо маселелери каралды. Райондордон келген жетекчилер менен бирге быйылкы жылы курула турган мекемелердин тизмеси жана аларга сарптала турган каражаттар боюнча талкуу жүрдү. Маалым болгондой, аталган кеңеш бөлүнгөн акчаны бюджетке киреше алып келүүчү гана тармактарга жумшоону алдынкы орунга коюуда.