* Мындан 67 жыл мурун, 1949-жылы балет бийчиси, СССРдин Эл артисти Чолпонбек Базарбаев Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылында туулган. 1959-жылы Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик музыкалык жана хореографиялык окуу жайына тапшырып, аны 1967-жылы бүтүргөн. 1966-1993-жылдары А.Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын солисти, кийин башкы директору, ал эми 1993-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын Маданият министри, 1996-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министринин 1-орун басары, ошол эле учурда 1987-жылдан баштап Кыргызстан театр ишмерлер союзунун президенти болуп иштеген.
Чолпонбек Базарбаев 2002-жылдын 2-сентябрында жол кырсыгынан көз жумган.
* Мындан 3 жыл мурун, 2013-жылы Бишкектеги "Дордойдун" “Алканов” базарында сатуучулар митингге чыгышкан. Буга аталган базардын башчылары 1-февралдан баштап унаа токтотуучу жайдын баасын 20 сомдон 50 сомго, ал эми дааратканага кирүү акысын 5 сомдон 10 сомго көтөрүп жиберишкени себеп болгон.
* Мындан 83 жыл мурун, 1933-жылы советтик жана орусиялык театр, кино актёру, режиссёр, телеалпаруучу, Орусиянын Эл артисти Игорь Кваша Москвада туулган.
Анын ролундагы тасма жана спектаклдер жүздөп саналат. Элге жакшы таанылып калгандары: "Республиканын мүлкү", "Баягы Мюнхгаузен", "Жашыруун кеңешчи" жана башкалар.
Ал 1990-жылдардын башында Шайырлар жана тапкычтар клубунун (КВН) Жогорку Лигасында калыстар тобунун катарын толуктаган. 1998-жылдан баштап жоголгонду табыштырган, издегенди кезиктирген Орусиянын 1-каналындагы "Мени күт" ("Жди меня") телевизиондук ток-шоусун алып бара баштаган. 2007-жылы анын "Кайтаруу чекити" аттуу мемуар-китеби чыккан.
Игорь Кваша 2012-жылы 30-августта саат 17:00 чамасында Москвадагы ооруканалардын биринде жүрөгү токтоп каза тапкан.
* Мындан 12 жыл мурун, 2004-жылы интернетте Facebook социалдык түйүнү ишке киргизилген. Ал дүйнө жүзүнө кеңири тараган ири тармак болуп эсептелет. Facebook Марк Цукерберг тарабынан негизделип, натыйжада ушул сайт аркылуу Марк Цукерберг 23 жашында планетабыздын эң жаш миллиардери болгон. Эң биринчи бул веб-сайт "The Facebook" деп аталган жана аталган сайтты бир гана Гарвард университетинин студенттери колдоно алышкан. Кийин катталууну Бостондун башка университеттерине ачып, андан соң АКШнын бардык окуу жайларынын студенттерине жеткен. 2006-жылдын сентябрь айынан баштап 13 жаштан өйдө электрондук почталары бар бардык интернет колдонуучуларына жеткен.
4-февралда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.