ЖКнын депутаттары Ак-Талаа районундагы табият кырсыгынан жабыркаган үйлөрдүн абалы менен таанышты

ЖКнын депутаттарынан турган делегация 19-мартта Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Баетов айылындагы жер астындагы суулардын көтөрүлүшүнөн жабыр тарткан турак үйлөрдүн абалы менен таанышты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Ак-Талаа районунун акими Сейтек Кулубаевдин айтымында, район боюнча жер титирөөдөн, селден 552 үй жабыркаган. 2012-жылга карата Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жабыр тарткан жарандарга 6 миллион сомдук жардам көрсөтүлүп, жалпысынан 10 миллион сом көлөмүндө ссуда берилген. Кыртыш сууларынан жапа чеккен тургундар менен баарлашуу жүрүшүндө ссудаларды толук көлөмдө алууга сертификат берүү маселесин тездетип чечүүнү өтүнүштү. Белгилей кетсек, жарандык коргонуу комиссиясынын корутундусу боюнча 2005-2011-жылдары мамлекет тарабынан авариялык абалда деп табылган 431 турак үйүнө узак мөөнөттүү ссуда берүү сунуш кылынган. Төрага Асылбек Жээнбеков өкмөт менен биргеликте бул маселени чечип берүүнү убада кылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан